Көпчүлүк мырзаларды көз карашы, турган турпаты, сулуулугу менен акылдан тайдырган, жашы бир топко барып калганына карабай дагы деле сулуулуктун эталону болуп келе жаткан актриса, модель Моника Беллуччи бүгүн, 30-сентябрда 52 жашка толду. Бул күнү актриса Инстаграмдагы жеке баракчасына атасы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, "Атамды туулган күнү менен куттуктайм! Экөөбүз бир күндө төрөлгөнбүз" деп жазган.
Төмөндөгү макалада "учурдун экинчи Софи Лорени" деген атка конгон актрисанын жаштыгынын сыры, өзүнө кам көрүү жолдору, жашоого болгон көз карашы тууралуу сөз болот.
Чачка кам көрүү тууралуу
Моника айым чачты жумасына 2 жолудан ашык жуубаш керек деп эсептейт. Көп жууй берсе чач кургап кетиши мүмкүн, андыктан ал чачына зайтун майын сүйкөп, маска жасап турат. Жөнөкөй каражаттар менен кам көргөн актрисанын чачы аялдарды эле эмес, эркектерди да суктандырып келет.
Моникага сулуулук сырлары, пластикалык операциялар же жашартуучу каражаттар тууралуу суроо бергендер көп жооп ала албайт деп айтылып келет, себеби ал хирургдарга барбайт жана жашартуучу укол сайдырбайт. Болгону бет терисин тазалоого жана кам көрүү эрежелерине басым жасайт. Ал эми макияж жасоодо баары мерчеми менен болушуна жана табигый сулуулук сакталышына көңүл бурат. Сүрөтчүлөр жок, кызыл килемге чыгуу талап болбогон учурда жана эс алуу күндөрү ал көзүнө жеңил тень сүйкөп, кирпигин кара тушь менен боёп коёт.
"Мен бет терисине өзгөчө кам көрөм. Бет жаркырап турганда гана мыкты макияж жасоого болот. Тазалоо, нымдоо процессине жоопкерчиликтүү мамиле жасайм. Ошондой эле жүзүм гана эмес, көздөрүм да жаркырап турушу үчүн көп суу ичем. Эриндерге да көңүл буруу керек. Алардын жардамы менен сен сүйлөшөсүң, тамак жейсиң жана өбүшөсүң..." - дейт Моника Беллуччи.
Моника Беллуччи чыныгы итальян кызы катары даамдуу жана тоюмдуу тамактарды жегенди жакшы көрөт. Эгерде ага келишимдүү денени же бир тарелка паста менен пиццаны танда десе, эч ойлонбой тамакты тандаарын айтат.
"Мен роль үчүн арыкташ керек болгондо эт, балык, жашылчаларды аз өлчөмдө, бирок бат-баттан жеп турам, ошентип салмагымды азайтам. Ал эми кээде толук адамдын образын жаратыш керек болуп, салмак кошууга да туура келет. Сиздерге ачыгын айтайын, экинчиси мени көбүрөөк кубантат", - деп билдирген журналисттерге Моника Беллуччи.
Спорт
Беллуччинин келбети моделдердин параметрине ылайык келбейт. Басылмаларга берген маектринде ал спорт менен машыгуу ал үчүн эмес экенин, бул жаатта жалкоо экенин жана бош убактысында сууда сүзүү же йога менен алектенерин айтат.
"Мен түрдүү спорттук көнүгүүлөрдү жасаганды жактырбайм. Экинчи кызымды төрөгөн соң спортко көңүл буруу керек экенин түшүндүм, буга чейин жашоо жеңил болчу. Убактым болсо машыгуу залына барып турам, бирок күн сайын окшош көнүгүүлөрдү жасоо мен үчүн кызыксыз. Мага йога жагат, мен көп саякатка чыгам, андыктан дайыма алектенүү мүмкүн эмес, тагыраагы, графигиме туура келбейт. Саат 5те туруп, спортзалга, анан кайра саат 6да тартуу аянтчасында болуп калуу мүмкүн эмес. Андыктан спортзалга баруунун ордуна мен жөн гана кара көйнөк кийип алам. Мен мына ушундай шайыр, тыкан адаммын", - дейт актриса.
Моника Беллуччи бош убактысын жакын туугандары, кыздарынын айланасында өткөргөндү жакшы көрөт. Ошондой эле кээде өзүнө да убакыт табат.
"Бош убактымда ванна кабыл алганды жакшы көрөм. 1 саат же 45 мүнөт өзүмө сүйүү арноо мен үчүн абдан маанилүү".
Сулуулук жана сексуалдуулугу тууралуу
Мониканын айтымында, сулуу болуунун эң башкы сыры - жашоого болгон сүйүү. Чыныгы сыйкырдуулук жана сексуалдуулук адамдын денесине байланыштуу эмес, анын ички дүйнөсү жана айланага болгон мамиледен көз каранды.
"Мен өзүмдү жакшы сезгенимдин себеби элдин баары мага жакшынакай экенимди айтканында эмес. Болгону мен өзүм тандап алган жашоодо жашайм. Мен жашоону жакшы көрөм. Бул менин эң башкы сулуулук сырым", - дейт сулуу Беллуччи.