Ошто орусиялык жактоочу токко урунуп каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат агенттиктеринин бири 29-сентябрда жазды.
Маалыматка караганда, окуя Ош шаарындагы Дене тарбия жана спорт комитетинин жанында болгон.
“Биз тамактануу үчүн сыртка чыгып, жолдо баратканбыз. Дене тарбия жана спорт комитети тараптагы жолду суу каптап жатыптыр. Анан Денис Блаженов тосмонун түбү менен өтүү үчүн темирди кармаган учурда аны ток урду. Жардам берүүгө барган досум да жыгылып түштү. “Тез жардам” кызматкерлеринин ыкчам жетип келгенине карабастан, Денисти сактап кала алган жокпуз. Ал эми берки досум аман калды”, - деди окуянын күбөсү Олег Конев.
Денис Блаженовдун артында аялы жана карыган ата-энеси калды. Ал Свердлов облустук жактоочулар уюмунун мүчөсү болгон. Маркумдун сөөгү 29-сентябрда Красноуфимскиге коюлду.
Айта кетсек, орусиялык жактоочу Денис Блаженов альпинизмге кызыккан достору менен бирге Кыргыз жерине келишкен. Тоодо ойдогудай эс алышкан соң, Орусияга кетүү үчүн Ош шаарына кайтышкан.