Ош ШИИБи: Орусиялык жактоочунун токко урунуп каза болгону текшерилүүдө

Ошто орусиялык жактоочунун токко урунуп каза болгону текшерилүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя 24-сентябрдан 25-сентябрга караган түнү саат 00:40 чамасында болгон. Анда орусиялык жактоочу Дене тарбия жана спорт комитетине караштуу "РАМ" аталышындагы мейманкананын алдындагы темир тосмону кокустан кармап алып, токко урунган. Мындан улам ал каза болгон. Учурда аталган окуя текшерилүүдө”, - деп билдиришти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан.

Айта кетсек, орусиялык жактоочу Денис Блаженов альпинизмге кызыккан достору менен бирге Кыргыз жерине келип, эмгек өргүүсүн кызыктуу өткөргөн. Кийин Орусияга кетүү үчүн Оштогу мейманканалардын биринде турушуп, кечинде сыртка чыгышкан. Ошол учурда Денис Блаженов кокусунан темир тосмону кармап алып, токко урунган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kani-esen
2016-09-30 18:55:24
Эми дагы канча деген кыргыздар департ болушат.
0
Aygir
2016-10-01 01:33:25
Рам мейманканасында көпөлөктөр иштейт эле күнү түнү дебей.Орус жондон жөн олбосо керек...
+2
Lekarstvosvoegomuja
2016-10-02 00:42:10
Аябай тан калыштуу окуя болуптур
+1
Kroxa
2016-10-02 13:39:00
Ал темир торго эмнеге ток койгону белгисиз го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан