Бүгүн, 30-сентябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун кассасында кыргыз футболчуларынын Ливанга каршы беттешине карата билеттер сатыла баштады. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, билеттер 200, 350 жана 500 сомдон сатылат. Касса күн сайын саат 11:00дөн 20:00гө чейин иштейт.
Ливанга каршы беттеш 6-октябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Беттешке 20:30да старт берилет.