МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева "Сүйөмүн сени" аттуу алгачкы клибин тартуулады

"Медиа-портал" бөлүмү бүгүн, 30-сентябрда ырчылар Алтын Дастанов жана көпчүлүккө "Супер сулуу-2013" наамын алып таанылган Орункүл Шабралиеванын (Оруна) "Сүйөмүн сени" ырынын жаңы клиби менен толукталды.

"Клип Ысык-Көлдө аба ырайына байланыштуу 20 күндүн ичинде тартылды. Кээ бир кадрлар Бишкек шаарынан алынды. Негизи, көп кадрлар алынган, бирок анын баары кошулган жок. Кызыктуу учурлар көп болду. Анан да бир убакытка съёмканы белгилеп, ал учурда биздин маанайыбыз жок тартылбай калып жатты. Биз тандап алган жайга формабыз туура келбей же образга кире албаган учурлар көп болду. Анан эртеси жакшы маанайда барып тартып келип жаттык".

Алтын Дастанов Алтын-Оруна дуэти тууралуу мындай дейт:

"Орунанын ырдайм дегенине бир жылдай болуп калды, андыктан экөөбүз ырдап чыгууну чечтик. 2 айда 4 чыгарма жаздырдык".

Алтын-Оруна дуэтинин "Сүйөмүн сени" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
TUMAN1
2016-09-30 22:01:52
Жасалма .....
+7
HAPPY.GIRL
2016-09-30 22:06:00
Орункул дегенди кыскартып Оруна болгондогусу го... кудай ай атынарды озгортпой койсонор бироо ырдатпай коебу.
+7
modem4999
2016-09-30 22:23:12
HAPPY.GIRL,Кыргызчадан прямой которушкан турбайбы,кыйнап туруп.
+3
kyrgyz_girl
2016-09-30 23:39:56
Булар ырчы болуп озгортсо,РФ жургондор да бат эле озгорто коебузго))))
+1
Lekarstvosvoegomuja
2016-10-01 00:33:59
Коруп отуруп жааман журогум айланып кетти... же боюмда болгон учунбу? Иши кылып аягына чейин кызыккан да жокмун коргонго
+6
tita
2016-10-01 02:13:13
кыз сулуу экен, клиптин коркун ошол кыз ачып туратго деп ойлоп койдум.. а так клип анча жага берген жок... узбек клип бар ушуга окшогон, бирок алардыкы сонун болгон.. бул клипке бир нерсе жетпегендей туйулуп жатат.. акырында эле кичине жакшыраак болгон.. же болбосо Ыссык-колдогу кадрларга башка жерди коюш керек болчу.(кооз жерди).. Аягында клипке +2...
а ырдын созу жакшыга окшош экен.. 4деген баа..
-2
Wonderfullgirl
2016-10-01 11:26:40
слишком много ботокса...
+2
kepka
2016-10-01 18:02:28
Экоондо тен ун жок каттуу тийсем кечиргиле уккулуктуу эмес бекер эле расход ырдабайле койсонор маданиятка кошкон чоон салымынар болот эле...
0
Lekarstvosvoegomuja
2016-10-01 23:54:06
Чын эле боюмда болгон учун айландыбы же ... деген ой менен бугун клипти кордум. Эки ырчы клиптин коркун ачпай эле кооз жаратылышыбыз, Ысык колубуз ачыптыр клиптин коркун. Кыз ырдабай эле попугайдай болуп эле баланы туурай берет экен.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан