Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен жүк өткөрүүгө аракеттенген Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Мерседес-Бенц Спринтер унаасынын айдоочусу 1 тонна шекер, 500 килограмм ун жана 105 килограмм макарон алып өтмөкчү болгон. Бирок аталган жүктөр боюнча документтер жок болуп чыккан. Тийиштүү документтер толтурулуп, кармалган жаран Кыргыз мамлекетинин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилгени айтылат маалыматта.