Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда интернет колдонуучуларынын бири Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 08:20 чамасында болгон. Анда Лексус GX 470 жана Тойота Камри үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, Лексус GX 470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалда болгон. Ал каршы тилкеге чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгына кайрылганыбызда, кырсык болгон жерге кызматкерлер чыгып кетишкенин билдиришти.