Чүй облусундагы жол кырсыгынан 3 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 2-октябрь күнү саат 08:10 чамасында Талас-Суусамыр-Бишкек жолунун 178-чакырымында болгон. Анда Форестер Субару үлгүсүндөгү унаа оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Жол кырсыгынын кесепетинен 3 адам каза болгон.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жеңил унаанын ичине кыпчылып калган адамдардын жансыз денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.