Бишкектеги батирлердин биринен 52 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында: "7-кичи райондогу №6-үйдүн 94-батиринен жагымсыз жыт чыккан. Мындан улам ал жерге 2-октябрь күнү куткаруучулар барышып, батирдин ичине киришкен. Натыйжада 1964-жылы туулган И.К. аттуу жарандын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат.