Жалал-Абад шаарында достукту бекемдөө максатында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Жалал-Абад шаарында "Мекеним менин - Кыргызстан" ураанынын алдында спорттун баскетбол түрүнөн мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Спорттук иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары, облустук казыят, спорт чеберлери, ардагерлер жана жаштар уюму катышты. Бул иш-чара жаштарды мекенчилдикке, достукка, ынтымакка, ыймандуулукка чакыруу максатында өткөрүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Мелдешке жалпысынан 10 команда катышып, күч сынашкан. Спорттук иш-чара менен коомчулукту бириктирип элди кылмыштуулуктан арылтууга чакырык жасаган иш-чараны Жалал-Абад ОИИБи уюштурган.

Мелдештин жыйынтыгында ийгилик жараткан жеңүүчүлөр аныкталып, баалуу белектер жана кубок менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан