Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндөгү жол кырсыгынан 3 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Патрулдук милиция башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн эртең менен саат 08:20да болгон. Анда Абдрахманов көчөсү менен түндүктү көздөй келе жаткан Лексус GX 470 унаасы каршы тилкеге чыгып, түштүктү көздөй бара жаткан Тойота Камри унаасы менен сүзүшкөн.
“Жол кырсыгынын кесепетинен Тойота Камри унаасынын айдоочусу 1972-жылы туулган Жакынбек Байдавлетов, ичиндеги бир жүргүнчү жана Лексус GX 470 унаасынын айдоочусу 1982-жылы туулган Саид Мураталиев жабыркап, ооруканага жеткирилген. Саид Мураталиев мас болгон деген маалымат бар. Ал эми Жакынбек Байдавлетов Бишкек шаарынын Свердлов райондук салык кызматынын кызматкери болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, Лексус GX 470 унаасынын айдоочусунун мас абалда болгону текшерилүүдө”, - деди Патрулдук милициянын басма сөз кызматкери Таалай Бугубаев.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө жол кырсыгы катталганын интернет колдонуучулары жазып чыгышкан.