Бүгүн, 3-октябрда Вьетнамда кумда ойнолуучу Азия оюндары жыйынтыкталды. Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, мелдешке жалпысынан 11 кыргыз спортчусу катышып, 1 алтын, 4 коло медаль тагынышты.
Муай-тай, жиу-житсу, самбо жана күрөш боюнча катышкан спортчулардын ичинен самбочулар 2 медаль, балбандар 2 медаль жана жиу-житсу боюнча катышкан спортчу 1 медаль тагынды.
Алтын медалды кум үстүндөгү күрөштө Урмат Мамбетжан уулу багындырды. Ал 74 килограмм салмакта күчүн сынаган. Ал эми коло ээлери Артур Те (самбо, 62 килограмм салмакта), Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу, 77 килограмм салмакта), Чыңгыз Керимкулов (күрөш, 90 килограмм салмакта), Азамат Кенжебек уулу (күрөш, 60 килограмм салмакта) болушту.