Бишкекте "4 күндөн бери дайынсыз" делип изделип жаткан 17 жаштагы окуучу кыздын жүргөн жери аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-октябрь күнү Бишкектеги №63-мектептин 11-классынын окуучусу Регина Алымбаеванын апасы милицияга кайрылып, кызы 29-сентябрь күнү саат 07:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экенин айткан.
“Учурда ал кыздын жүргөн жери такталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Ысык-Көл облусунун аймагында. Ата-энеси ошол жакка кетишти”, - дейт Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев.
Регина Алымбаеванын апасына кайрылганыбызда, кызы табыла электигин билдирди.