Өткөн суткада Кыргыз Республикасында 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда 3, Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында экиден, ал эми Талас, Ош жана Баткен облустарында бирден өрт кырсыгы катталган.
"Бишкектеги Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан “Заябар” кафесинин чатырынын 30 чарчы метр жери күйүп кеткен. Өрттүн себептери такталууда. Ошондой эле Чүй облусунун Новопавловка айылында Гагарин жана Баетов көчөлөрүнүн кесилишинде электр көмөк чордон күйүп кеткен", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.