МЕДИА-ПОРТАЛ: "Ак бантик" клибиндеги кичинекей Малика азыр эне болду. Клип жөнөкөй, тамашалуу болгондуктан элге жакты" дейт Динара Акулова

Динара Акулованын "Ак бантик" ыры убагында популярдуу болгон чыгармалардын катарын толуктайт. Ал эми клип Ысык-Көлдүн жээгинде бир жумада тартылып бүткөн.

Ырчы тартуу процесси кызыктуу болгонун айтып, буларга токтолду: "Мурун атайын клип тартуу деген жок болчу. Ысык-Көлдө гастролдоп жүргөн учурда ушул клип жаралган. Анда Маликанын кичинекей кези, элге тамашакөй актёр-актриса катары таанылган Сакиш (Айнура Турганбаева) менен Бопуш (Марат Жанталиев) тартылган. Бул эмгегибизге 15 жылга чукулдап калса да, актуалдуулугун жогото элек. Кайда барбайын, ушул ырды сурашат. Ошондогу кичинекей Малика азыр чоң кыз болуп, эне болду.

Клипте убакыттын кантип өткөнү билинбей, ак бантик тагынып жүргөн кызынын чоңоюп, аны күйөөгө берип жаткан ата-эне, алардын тойго кечигип, колуна тамак-ашын көтөрүп келгени көрсөтүлөт. Анда биз турмушта кездешчү окуяларды тамаша аркылуу көрсөтүүгө аракет кылганбыз. Жөнөкөй, тамашалуу тартылгандыктан өзүмө да, элге да жаккан чыгарма болду".

Ырчы жогорудагы чыгармага кайрадан клип тартууну ойлонгонун, бирок элге жакпай калат деп тартпай калганын айтат.

Динара Акулованын "Ак бантик" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан