"Кыргыз-казак бир тууган" тасмасы Москва кинобазарына катышат

"Кыргыз-казак бир тууган. Бомба менен сапар. Путешествие с бомбой" комедиялык тасмасы Москвадагы
кинобазарга катышат. Бул тууралуу аталган тасманын режиссёру Нурлан Абдыкадыров SUPER.KG порталына билдирди.

"Тасманы Орусия, Казакстандын аймактарында көрсөтүүнү ойлонуп жүргөнбүз. Эми минтип Москва
кинобазарына чакыруу келди. Ага көптөгөн тасмалардын катышуусу күтүлүүдө. Кинобазар деле соодалашуу кызуу жүргөн базарга окшош. Дүйнөнүн ар кайсы бөлүгүнөн кайсы бир тасмага кызыкдар болуп сатып алууну каалагандар, прокатка алчулар жана башкалар топтолот. Анда атайын элге ылайыкташтырып коммерциялык максатта тартылган тасмалар коюлат", -
деди
Н.Абдыкадыров.

Белгилей кетсек, кыргыз менен казак бир тууган эл экендигин даңазалаган комедиялык тасманын бет ачары Бишкек шаарында 27-апрелде өткөрүлгөн.

Тасмада Ихтиандр аттуу башкы каарман казак кызы Диананы Казакстандын Алматы шаарынан Ысык-Көлгө үйүнө алып келет. Ошол күнү эле кыздын башына ак жоолук салышат. Кыргыздын салты боюнча кудалардын алдынан өтүү үчүн Ихтиандрдын жакындары берчү калың, белектери менен кичи автобуска түшүп алып Казакстанга жөнөп калышат. Казак чек арасына жеткенде аларды өткөрбөй коюшат. Кандай да болсо максатка жетүүнү көздөгөн кудалар чек араны бузуп, тоо аралап Алматыга жол алышат. Алдыда аларды казак кудалардын катуу каршылыгы, милиция кызматкерлеринин коркутуулары, жадакалса түрмөгө түшүп калуу коркунучу жана ыр-тамаша, күтүлбөгөн баалуу белектер күтүп турган болот. Кыргыз, казак элинин бир тууган эл экендиги “Кыргыз казак бир тууган. Путешествие с бомбой” тасмасында күлкү менен баяндалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sirduusezim
2016-10-03 15:02:31
Кыргыз-казак бир тууган, .,.. Бул жагындагы соз бар достор билесинерби, балагымда озбектер мн урушуп кетсек айтат элек.
0
frunze777
2016-10-03 15:48:45
Тиги сурамжылоо болугу жабык болгону учун мында жазып жатамын. Сурамжылоого Мырзакматов менен Чубак ажыны да кошуп койгула. Биринчиден экоо тен бийликтен куугунтук жегендер... Бийлик Мырзакматовду жок жерден каралап сот процессин баштаганын элдин баары билет "оз башындагы тоону корбой озгонун башындагы чопту корот" болуп... Экинчиден Чубак ажыдай акылман, билимдуу, башкысы ыймандуу, журогу эл учун соккон патриот адам эл башына келип Кыргызстан учун иштеп берсе Кыргызстан онолуп
-1
frunze777
2016-10-03 15:50:52
коррупцияга балта чабылмак... Ал адам дин окулу болгон менен биздей эле жаран, президент болууга толук укугу да, шансы да бар... Тиги Сариев, Бабанов, Текебаев, Р.Жээнбековдор менен Кыргызстан эч качан онукпойт...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан