Ооганстандын түндүгүндөгү жардыруудан кеминде 6 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жардыруу аталган өлкөнүн Жаузжан аймагындагы базарда болуп, кеминде 6 адам каза тапкан. Ошондой эле 80ден ашык адам жабыркаган. Азырынча жардыруунун чоо-жайы такталууда.
Эл аралык эксперттердин баамында акыркы айларда Ооганстанда абал татаалдашууда. Мурда айыл аймактарында ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген “Талибан” кыймылы эми чоң шаарларга чабуул коё баштады. Аны менен катар бул өлкөдө “Ислам мамлекети” тобунун да таасири күчөп жатат.