1-октябрда Москвада кулатуу эр таймаш боюнча 19-Эл аралык мелдеш уюштурулду. Анда жалпысынан 17 беттеш орун алып, Кыргыз Республикасы, Чеченстан, Дагестан, АКШ, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты. SUPER.KG порталына уюштуруучулар кабарлашкандай, 17 беттештин ичинен үчөө чемпиондук кур үчүн болду.
Чемпиондук кур үчүн беттеште 66 килограмм салмакта кыргыз мушкери Абдулгаджи Газиев тажикстандык Худшет Жомолужанов менен кез келип, атаандашын 1-раундда колун кайруу ыкмасы менен утуп алды. Ал эми 77 килограмм салмакта октагонго чыккан мушкер Самат Эмилбеков дагестандык Имран Матаевди 2-раундда утуп, чемпиондук курга ээ болду. 93 килограмм салмактагы чемпиондук кур үчүн беттеште мекендешибиз Нурлан Токтобакиев орусиялык Денис Вадинди 1-раундда нокаутка учуратты.