УКМК: Тажик укук коргоочусу Собир Валиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды

Тажик укук коргоочусу Собир Валиевге козголгон кылмыш иши кайра жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаева 2-октябрга караган түнү Молдовадан Бишкекке учуп келген учурда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.

2015-жылдын 14-сентябрында Собир Валиевге “мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок ал издөөдө жүргөндүктөн тергөө иштери токтогон болчу. Анын жубайы Жанета Хамзаеванын Кыргыз мамлекетине келиши менен кылмыш иши кайра жанданды. Хамзаева күбө катары суракка алынды. Жашаган жери текшерүүгө алынган соң, ал бошотулган”, - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Айта кетсек, тажик укук коргоочусу Собир Валиев эл аралык издөөдө жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан