Сокулук районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды

Сокулук районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Милиция кызматкерлерине Сокулук районунун 51 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз адам талаадан 7 баш коюн уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 52 жаштагы Токтогул районунун тургуну кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат Чүй ОИИББинин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Boldukan86
2016-10-04 09:00:51
Мурда кыныр иш 40 жылда билинсе азыр 40 саатта билинет. кылмыш кылбай эле жашагылачы. Кээ бир адамдарга ушундай тагдыр жазылат экен бирок азыркы заманда копчулук адамдар оздору себепчи болушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан