Сирияда үлпөт тойдо террорист өзүн жардырып, 20дан ашуун адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сириянын Эль-Хасек шаарында тойдогу жардырууда 20дан ашуун адам каза таап, 30га жакын адам жаракат алды. Жан кечти өзүн үлпөт той өтүп жаткан залда жардырып жиберген. Азырынча эч бир экстремисттик топ аталган кылмыштын жасалышы боюнча жоопкерчилик ала элек.
Буга чейин Хама шаарындагы Аль-Аси аянтында дагы бир жан кечти өзүн жардырып жиберген.