Москва шаарындагы Улуттар үйүндө кыргыз тасмалары көрсөтүлөт

Москва шаарындагы Улуттар үйүндө 10-11-октябрь күндөрү кыргыз тасмалары көрсөтүлөт. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы берген маалыматка караганда, 10-октябрда режиссёр Болот Шамшиевдин "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасы, ал эми 11-октябрда Дальмира Тилепбергендин "Асман алдында" тасмасы көрсөтүлөт. Тасмаларды көрсөтүү Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулууда.

Белгилей кетсек, сүйүү, ишеним, жоготуу сезимдери тууралуу "Асман алдында" тасмасы бир жылда тартылган. Башкы ролдорду Анвар Осмоналиев, Жамал Сейдакматова, Нуржигит Канаев, Таалайкан Абазова, Асан Аманов жана Мунара Дооронбекова жараткан.

Тасма буга чейин Канада, Орусия, Казакстан, Бангладеш, Колумбия жана Индияда өткөн ар кандай фестивалдарга катышкан. Ошондой эле Индиянын Бангалор шаарында өткөн эл аралык кинофестивалга катышып, Азия тасмаларынын сынагында мыкты аталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jooshbala
2016-10-04 15:28:14
Бааса канча экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан