Малайзияда мектептин чатырына тик учак кулап түштү. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда чет элдик маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн эртең менен аталган өлкөнүн чыгышындагы Тавау шаарында болгон. Анда Sikorsky S-61 үлгүсүндөгү тик учак мектептин үстүнө кулап түшкөн. Тик учактын ичинде 14 аскер кызматкери болгон. Учкуч жеңил жаракат алып, 7 мектеп окуучусу жана 1 мугалим ооруканага жеткирилген. Кырсыктын келип чыгуусуна учкучтун тик учакты башкара албай калганы себеп болгон.