Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши боюнча соттук кароо өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Чүй облустук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, соттук кароо Бишкектеги Жаза аткаруу кызматынын Күзөт жана кайтаруу департаментинде жүрүп жатат. Сот залына Азимжан Аскаров алынып келинип, жактоочулар анын укугу бузулганын айтып, абактан бошотууну талап кылышууда. Ал эми жабырлануучу тарап абакта калтыруу өтүнүчүн келтирүүдө.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.