Октябрь айында Бишкек шаарынын тургундарына арналган маданий иш-чаралар өткөрүлөт

Октябрь айында Бишкек шаарынын тургундарына арналган бир нече маданий иш-чара өткөрүлөт. Маалыматтарга караганда, эс алуу күндөрүнө туш келген 8-октябрь жана 15-октябрь күндөрү борбор калаадагы Курманжан датканын эстелигинин алдында шаар тургундарына, конокторго ачык асман алдында классикалык музыка тартууланат. Ал эми 22-октябрь күнү "Эркиндик" сейил багында чыгармачыл топтор музыка багытында мастер-класстарды өткөрүшөт. Иш-чара Бишкек шаардык мэриясы тарабынан колдоого алынып, ага көптөгөн адамдардын катышары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан