Кытай элчилигиндеги жардырууга шектелген Мубарак Турганбаев көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Турганбаевдин жакын таанышы билдирди.
Анын айтымында, Мубарак Турганбаев бүгүн таңкы саат 05:10до Стамбул-Бишкек каттамы менен учуп келген.
"Учурда анын кайда экенин билбейм, балким, УКМКда сурак берип жатса керек", - дейт Турганбаевдин жакын таанышы. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылганыбызда, эч кандай маалымат бере албастыгын билдиришти.
Айта кетсек, УКМК Кытай элчилигинде өзүн жардырган жан кечтинин жана жардырууну уюштургандардын атын атаган. Анда издөөгө алынгандардын катарында Мубарак Турганбаев да бар болчу. Бирок Турганбаев күнөөсүз экенин айтып, интернеттеги баракчасына "Тиги террористтер менен эч кандай катышым жок. Мага түшүмө да кирбеген чоң айып коюлууда" деп жазган эле.