МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! "Ак кептер" клибинин биз ойлоп тапкан сюжети элге жакпай калабы деп корктук" дейт ырчы Азур

Белгилүү "Ак кептер" ыры жаш ырчы Азурдун аткаруусунда өткөн жылдан бери жаңыра баштаган. Ырчы аталган ырга клип тартып, бүгүн, 4-октябрда "Медиа-портал" бөлүмүндөгү колдонуучуларга тартуулады.

Чуңкурчак жайлоосунда тартылган клип тууралуу ырчы буларга токтолду: "Клипти тартуу үчүн кечке маал Чуңкурчакка чыгып кеткен элек. Шаардан бир топ алыс болгондуктан, биз барганча кеч кирип кетти. Жок дегенде күндүн батып баратканын тартып калалы деп бийик тоого жылаңайлак чуркап чыктык, бирок баары бир жетишпей калдык. Кээ бир кадрлар күндүз алынган эле, ал эми акыркы кадрларды кечинде жасалма жарык түшүрүп тарттык".

Ал эми клип эмне үчүн сюжетсиз тартылганы жөнүндө мындай дейт: "Бул ырдын кантип жаралганы, кимге арналганы, тагыраагы, ырдын тарыхы тууралуу так маалыматыбыз жок болгондуктан, сюжеттер кошулган жок. Биз ойлоп тапкан сюжет элге жакпай калабы деп корктук, андыктан жөн гана трек клип тарттык. Ал эми клипте мен кийген костюмдарды Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өткөн мода көрсөтүүсүндө тандап алгам".

Азурдун "Ак кептер" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nursultan.91
2016-10-04 18:58:04
Азур,Оруна деген ысымдарды эч уккан эмес екенмин. Озунун аты балким Айзиректир. Ийгилик каалайм Азур!
+1
Sirduusezim
2016-10-04 19:38:07
Озунун эле атын колдонбойбу
+2
abdillaevna-96
2016-10-04 21:09:41
Бул ырын укпадым,bашка ырлары такыр жакпайт...
0
ai_altyn
2016-10-05 01:57:28
Аты Айдай!
0
Aruna25
2016-10-05 02:23:17
ai_altyn, Азурга Караганда Айдай жакшы угулат экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан