Орусияда Кыргыз жеринен барган адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда орусиялык маалымат агенттиктери жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жансыз дене 3-октябрь күнү Салехард шаарындагы кампалардын аймагынан табылган. Кездемеге жарым-жартылай оролгон жансыз денени ресурстук ишкананын кароолчусу көрүп калган.
"Каза болгон адам Салехардга кыргыз жергесинен барган 47 жаштагы Александр Акуленко экени тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган. Учурда маркумду тааныган жана окуяга күбө болгон адамдар аныкталууда. Анын денесине соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлөт. Учурда окуянын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматтарда.