Санкт-Петербург шаарында октон жабыркаган кыргыз жаранынын абалы орто

Санкт-Петербург шаарында октон жабыркаган кыргыз жаранынын абалы орто. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, жабыркаган жаран Ош облусунун 1988-жылы туулган Р.Н. аттуу тургуну болгон. Учурда ал Мариинск ооруканасында дарыланууда. Алгач ал жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, кийин хирургиялык бөлүмгө которулган. Дарыгерлердин корутундусуна ылайык, ал орто оор абалда.

Айта кетсек, окуя 2-октябрга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Лиговск кең көчөсүндөгү “Золотая рыбка” кафесинде болгон. Анда белгисиз адам кыргыз жаранын травматикалык тапанча менен бир канча жолу атып, окуя болгон жерден качып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ssamat
2016-10-05 09:56:02
Жакшы болуп кетсин
0
sgushenka
2016-10-05 22:42:04
Саяк жургон таяк жейт. Конечно жакшы болуп кетсин эми...! Кафеде не бар туну, мусапыр болуп бироонун элинде жургонундон кийин?!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан