Сокулук районунда каракчылыкка шектелип жергиликтүү эки тургун кармалды

Сокулук районунда каракчылыкка шектелип жергиликтүү эки тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 47 жаштагы Сокулук айылынын тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз эки жаран аны жыгачтан жасалган буюм менен коркутуп, дүкөнүнөн 4,5 миң сом жана 4 литр спирттик ичимдиктерди алып кеткенин билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары мурда сот жообуна тартылган 19 жаштагы Я.Т. жана 20 жаштагы Д.Р. аттуу жергиликтүү тургундар кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан