"Медиа-портал" бөлүмү бүгүн, 5-октябрда Иса Өмүркуловдун "Эки жаш" ырынын клиби менен толукталды. Ырчы аталган клипти тартуу учурунда той ээлерине сюрприз кылып бекер ырдаганын айтат.
"Эки жаш" ырынын клиби Бишкек шаарындагы бир нече эс алуучу жайларда тартылды. Алмамбет аттуу досумдун үйлөнүү тоюна чакыруу келген эле. Ошол учурдан пайдаланып клип тартууну баштадык. Ал күнү досумдун тоюнда ырдап, андан соң үлпөт той өтүп жаткан башка тойлорго барып тартууну уланттык. Той ээлерине сюрприз кылып "Береке" бий тобунун кыздары менен барып, бекер ырдап бердим. Алар кубанып, ыраазычылыгын айтып жатышты. Кыргыздын тойлору кандай өтсө, ошондогу көрүнүштөрдү чагылдырууга аракет кылдык. Клип кызыктуу, шаңдуу тартылды", - дейт ырчы.
Иса Өмүркуловдун "Эки жаш" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.