Түштүк Гаитиде 70 миң калкы бар шаарды суу каптап, адам өмүрүн алды

Түштүк Гаитиде нөшөрлөгөн жаан, кубаттуу шамал катталып, 70 миң калкы бар шаарды суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда чет элдик мааалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кубаттуу шамалдын ылдамдыгы саатына 230 чакырымга жеткен. Адистердин айтымында, мындай аба ырайы буга чейин 10 жыл мурда катталган. Гаитиде катталган бороон Чыгыш Куба өлкөсү тарапка жакындап жатканы айтылган.

Суу каптоодон улам көпүрө бузулуп, өлкөнүн борбору Порт-о-Пренс аймагы менен байланыш үзүлгөн. Кырсыктан бир адам каза болгону айтылууда. Ал эми коңшу Доминикан өлкөсүнөн 4 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tansuluu09
2016-10-05 13:05:44
Кудай сакта(( тилсиз жоодон
+5
Raymer88
2016-10-05 13:14:53
Жараткан Аллахым боодо кырсыктан ааламдагы болуп жаткан кырсыктардан сактаган болсун
+7
KYRGYZJERI
2016-10-05 14:26:55
тайфун десенер тушунуктуу болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан