Базар-Коргондо жаңгак сактоочу кампа күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы тууралуу маалымат 5-октябрга караган түнү түшкөн.
"Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, саат 10:10до толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 120 чарчы метр жаңгак сактоочу кутулар күйгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.