Бишкектин четинде жигит сүйлөшкөн кызына бир канча жолу бычак сайып, андан соң өз жанын кыйган. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына караган түнү Бишкектин четиндеги мамлекеттик желек илинип турган тоодо болгон. Анда жигит эки жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кызына бир канча жолу бычак сайып, өзү унаасы менен тоодон ылдый түшүп кеткен. Натыйжада жигит кырсыкка кабылып, каза болгон. Ал эми жабырлануучу ооруканага оор абалда жеткирилип, аман калган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз-жигит баш кошмокчу болушкан. Бирок ага кыздын ата-энеси каршы чыгып, турмушка берүүдөн баш тартышкан. Мындан улам экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аягы кайгылуу окуя менен аяктаган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.