Ливан курамасынын машыктыруучусу: "Кыргыз футболчулары тууралуу көп эле уккам"

Бүгүн, 5-октябрда Бишкекте Ливан жана Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курамаларынын машыктыруучуларынын катышуусунда маалымат жыйыны орун алды. Бул командалар эртең, 6-октябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо кез келишмекчи.

Ливан курамасынын машыктыруучусу Миодраг Радулович буларга токтолду: "Бизде доор алмашуу процесси жүрүп жатат, андыктан курамда жаңы футболчулар пайда болууда. 2019-жылы өтө турган Азия чемпиондугуна жолдомо алуу аракетин көрүп жатабыз. Буга чейин мен Казакстанда эмгектенип жүргөндө Куцов, Землянухин, Кенжесариев сыяктуу кыргыз футболчулары тууралуу кабарым бар болчу. Атаандашыбыз Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда татыктуу оюн көрсөттү, андыктан кыргыз футболуна сый менен мамиле кылуу туура деп ойлойм. Оюнчулар жаракаттан алыс болуп, эки команда тең тажрыйба топтойт деген үмүттөмүн".

Кошумчалай кетсек, беттешке саат 20:30да старт берилет. Билеттер стадиондун кассасында сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
erjigit-e.15
2016-10-06 16:52:08
алга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан