Эртең, 6-октябрда футбол боюнча улуттук курамабыз Ливанга каршы беттеш өткөрөт. Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо орун ала турган беттешке саат 20:30да старт берилмекчи.
Улуттук кураманын оюнга кандай даярдык көрүп, кандай план менен чыга турганы тууралуу башкы машыктыруучу Александр Крестинин айтып берди. Ал бул оюнда жаш футболчуларга ойноо мүмкүнчүлүгү берилерин баса белгиледи.
"Оюнга жакшы даярдык көрдүк. Көптөгөн жаш оюнчулар улуттук курамга чакырылышты. Бул оюнда жаштарга сөзсүз мүмкүнчүлүк беребиз, себеби жаш футболчуларды тартып, курамдагы атаандаштыкты күчөтүү керек", - дейт футбол адиси.