Касиеттүү Сулайман-Тоонун ыйык жерлери. Жаштар жасаган вандализм...

Ош шаарын Сулайман-Тоосуз элестетүү мүмкүн эмес. Бул тоо - Оштун эң көрүнүктүү мурасы. Сулайман-Тоого жыл сайын миңдеген адам зыярат кылып чыгып турат. Ал өзүнүн касиеттүү үңкүрлөрү менен белгилүү. Жалпысынан анда 5 чоку, 7 үңкүр бар. Чокулар: Баара-Таг, Рушан-Таг, Шор-Таг, Ээр-Таг жана Кекилик-Учар. Үңкүрлөр: Тамчы-Тамар, Тепе-Үңкүр, Чилтен-Хан же Тешик-Таш, Ишен-Үңкүр, Руша-Үңкүр, Хуркыз жана акыркы үңкүр тоонун түндүк тарабында адам бара албаган жерде жайгашкан, азырынча аталышы жок. Бул тоо ХVI кылымга чейин Баара-Кух деп аталып келген. Фарс тилинен кыргызча которгондо мааниси "кооздоо" дегенди билдирет.

Уламыштарда Сулайман пайгамбар тулпар аттарды жакшы көргөнү айтылат. Бир күнү тулпарларына алаксып кетип намаз окубай калат. Өзүнө капа болгон Сулайман 500 тулпарын Кудайга курмандыкка чалат. Курмандыгын кабыл алган Кудай Сулайманга 500 жин көтөрө алган так берип, аны пайгамбар айткан жерге коюуну буюрат. Сулайман аларга такты эң кооз өрөөнгө коюуну тапшырат. 500 жин көлдү тосуп турган тоону бузуп, Ак-Буура суусун агызып, ал тоого такты коюшкан. Тоодо ар кандай мөмө-жемиштер өсүп, эң кооз жерлердин бири болгон.

Тоонун Баара-Таг чокусунда Сулайман пайгамбар намаз окуган жерде тизеси менен чекесинин орду калып калганы айтылат, бирок расмий түрдө кайсы пайгамбар экени так жазылган эмес. Ал жерди көргөн Моголдор империясынын негиздөөчүсү Мухаммед Захриддин Бабур ХVI кылымда аны тегерете тостуруп, намазкана курдурган. 1963-жылы эскилиги жеткендигине байланыштуу сүрдүрүлүп, 1991-жылы кайрадан калыбына келтирилген. Тарыхый комплекстин кызматкери Токторбай Акматовдун айтымында, бул намазкана Захриддин Бабурдун үйү деп аталганы менен, анын үйү ушул эле чокунун башка жагында жайгашкан.

Сулайман-Тоого келген адам алгач эле Куран окушу керектигин айтат кызматкер.
"Пайгамбарыбыз хадисте "зыярат кылгыла, инсандар, кабырларга" деп айткан, ошондуктан бул жакка да зыяратка келишет. Өткөн ата-бабаларды эскерип, аларга куран багыштап, арбактар ыраазы болгондо анан тилектерин айтышат. Бул жактан адамдар таштарга эмес, Кудайга сыйынышат", - дейт Токторбек Акматов.

Сулайман-Тоого бир гана сыйынгандар эмес, илдетке чалдыккандар да шыпаа издеп келишет. Баара-Таг чокусундагы "Бел-Таш" деп аталган чоң таштан бели ооругандар сыйгаланып түшүшөт.

"Адамдын оорусу нерв системинин козголушу менен жана ысык-сууктан ооруйт. Ысык таштан сыйгалануу нерв системин калыбына келтирип, ал эми сууктан болгон ооруну ысык таш дарылашы мүмкүн", - дейт Токторбай Акматов.

"Бешик-Таш" ташына балалуу боло албаган келиндер келишет.
"Бир убактарда бул түтүктүн ордунда таш болгон. Илгери аялдарды бүбү-бакшылар, эмчи-домчу энелер төрөтүшкөн. Төрөп жаткан аял керегеге 2-3 жолу тартынып төрөгөн. Бул ошонун эле бир көрүнүшү: бала көрбөгөн, кандайдыр бир себептер менен төрөй албагандар "Мен да кош бойлуу болуп, толготсом экен... Алдымда ушундай бешикте бөлөнгөн бала турса экен" деген тилегин айтып 3 жолу тартынат", - деди кызматкер.

Ушул эле таштан алыс эмес жерде Бешик-Эне үңкүрү жайгашкан. Анын уландысы - Тамчы-Тамар үңкүрү. Экөөнүн тереңдиги 9 метрдей. Бешик-Эне үңкүрүндө чекенин, колдун, тизенин орундары бар. Дене мүчөлөрдү туура жайгаштырган соң сыйынууга болот. Көбүнчө аялдар кирип, өзүнө, уул-кыздарына бакыт, ыйман, үй-бүлөлөрүнө ынтымак тилешет.Тамчы-Тамар үңкүрү кууш, караңгы жана сүрдүү. Ал жакка бир гана адам кире алат. Үңкүрдүн төбөсүнөн анда-санда дары делген суу тамчысын табуу мүмкүн.

"Үңкүрдөн тамчы жерге тамбайт. Ал жакка кирген инсандардын кээ бирине 1, кээ бирине 2 же 3 жерден көрүнөт. Таштын эле кычыгынан бууланып суу тамчысы пайда болот. Аны акырын кол менен алып ооруган жерге сүртүп коюу керек. Көзү чочуп, жаш акса, шамалдаса шыпаа тилеп, Кудайдан "ушу тамчынын бүткүл боюма шыпаасы тийсин" деп сурануу керек", - дейт Акматов.

Үңкүрдүн төрүнөн Куран китебинен үзүндү жазылган ташты көрүүгө болот. Уламыштарга таянсак, ал таш кадимки китеп болгон. Таштын жанына барып сыйынгандардын саны көп болгондуктан, үңкүрдүн ичи жылмакай болуп калган.

"Кайсы бир пайгамбардын доорунда китеп болгон экен. Аны үңкүрдүн ичине аалымдар кирип окушуптур. Кийин пенделердин Аллага жакпаган иштеринен улам китеп ташка айланган экен. Кадимкидей таш турат, бирок жазуусу бар китептей. Андыктан ал жакка да элдер кирип сыйынышат", - деди Акматов.

Тилекке каршы, тарыхый комплексти булгап, таштардын бетине сүйүүлөрүн жазып, сагыз чаптап кеткен да учурлар көп кездешет. Биздин чыгармачылык топ барардан мурун Тамчы-Тамар үңкүрүнө кадимки дөңгөлөктү өрттөп кетишкен. Андан улам үңкүрдүн ичи күйүк жыттанып, көө болуп калган. Комплекстин кызматкерлеринин айтымында, алар үңкүрдү бул окуядан кийин 3 күн жуушкан.

"1993-жылдан бери иштейм. Биринчи кезекте дарактарга чүпүрөк байлоо менен күрөштүк. Биз бул жердин тазалыгын карайбыз, бирок кээ бир адамдар жагымсыз иштерди кылышат: шам жагышат, үңкүрлөргө түкүрүп, таштарга ар кандай жазууларды жазып кетишет. Азыр мындай бейбаштыктар азайды. Жаштар сүйүүлөрүн жазып, түшүнбөстүк кылып жатышат. Сөзсүз эле ыйык жерде билдирбеш керек да. Аны деле туура түшүндүрүп айтып жатабыз. Кээ бирлери шаарды көрүп, тилектерин айтууга чыгышат, кээ бирлери билип турса да, өздөрүнүн башка кызыкчылыгы менен чыгышат. Көбүнчө жаштар түнкүсүн келишет. Мен түнкүсүн да иштейм. Кээде кыргыз эле кыздар-балдар алкоголдук ичимдиктерин көтөрүп алып, чылым чегип келишет, түшүндүрүп айтсаң, орусча сүйлөп өздөрүнөн кетишет. Алар да бирөөнүн баласы, катуу айта албайсың, ар бирине түшүндүргөнгө аракет кыласың.

Тамчы-Тамардагы таш китеп турган жакка азыр эле намазга кетсем, бирөө келип тоок союп кетиптир. Азыр балдар жууганы кирип бара жатышат. Кээ бири билип жасайт, бири билбей жасайт", - деп Сулайман-Тоого болгон начар мамиле тууралуу айтты Акматов.

"Сулайман-Тоого начар мамиле жасабоого балдар-кыздарга алгач ата-энелер үйрөтүшү керек. Өздөрү балдары үчүн үлгү болуп, жакшы мамиле кылып, айтышса эле балдардын мамилеси өзгөрөт. Албетте, азыркы абалы бизди кейитип жатат. Өсүп келе жаткан муунга туура тарбия берүү, тарыхый баалуулуктарга аяр мамиле кылууну үйрөтүү - биздин милдет", - дешет тоого келген тургундар.

Сулайман-Тоодогу ташка жазылган сүйүүлөр
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ayida
2016-10-12 16:42:24
Болбойт сыйынган Кудайдан туну мн сыйынып сурасанда баары бир олуп калсан ошол кезде туптуз тозоко барасын.Мен эми тушунуп отурам.Кезинде с тоо бул жагы Казакстандагы ыйык деген жерлердин баарына барып келгенмин пайда жок куноого батып эле калбастан каапыр кейпин кийген экенмин.Менен сурагыла айтып берем тушунбогондор.Каапыр деген туз тозоко барат туболук калат. Куноокор адам тозоктон чыгат бейишке.Сыйынып каапыр болгуча сойку болгон ага караганда жакшыраак
-3
Rasul1987
2016-10-12 17:20:33
Бешик эне үңкүрүнө кирип баратсам ушундай бир шыбоо урду эле мурунга, кусуп ийе жаздап атып чыккам кайра. Тазаланып алып барып сыйынышса болот го.
+2
Jyrgal_msk
2016-10-12 22:33:05
Чокулардын аты таг эмес так болуп айтылса керек.
+1
nargis
2016-10-13 06:36:38
Сулайман тоо ыйык жана анын кереметине ишенем ,кудай таалам бекеринен мындай ыйык жерлерди жаратпаса керек .Менден бир сунуш тоо кечиндеси ичимдик ичкендерге тыю салып керек болсо киргизбей же штрав толой турган кылса ,бир аз тарбиясыздар азаймак беле.
+2
kgerik
2016-10-14 03:57:19
Аллах берет кайдагы таш эмес ширкке кирет сыйнсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан