Орусияда бычактан жараат алган кыргыз жаранынын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2-октябрь күнү Санкт-Петербург шаарында болгон. Анда 1995-жылы туулган О.И. аттуу кыргыз жаранын белгисиз адамдар бычактап кетишкен.
“Кыргыз жараны аталган шаарда таксист болуп иштечү. Жүргүнчүлөр белгиленген жерге жеткенде аны бычактап, качып кетишкен. Жабырлануучу учурда ооруканада, азырынча абалы оор”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.