Белгилүү актёр Леонардо Ди Каприо Марска учууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматта ушул жумада башталган "South By South Lawn" фестивалынын алкагында Ак үйдө болгону, актёр Барак Обама баштаган бир нече окумуштуу, ишкерлер менен "Суу каптоо алдында" даректүү тасмасын талкуулоо учурунда белгилүү болгону айтылат.
Талкуу учурунда эколог Катарин Хэйхоу ишкер Илон Масктын Марска жайгашуу жана аны жаңы жер катары өздөштүрүү пландарына кызыккан. "Бул жерде отургандардын эч кимиси андай нерсеге кол койгон жок деген ниеттемин, себеби андай кадамга баруу үчүн адам акылсыз болушу керек", - деп билдирген Катарин айым. Бул нерсеге Ди Каприо "мисалы, мен кол койдум" деген жооп узаткан.
Леонардо Ди Каприо кол койгон келишимге ылайык, Марска саякат 2022-жылы ишке ашат.