5-октябрда Чеченстандын Грозный шаарында эрежесиз мушташ боюнча "Grand Prix Akhmat-2016" мелдеши орун алды. Анда 8 бурчтукка бир катар дасыккан спортчулар менен катар жаш балдар да мушташышты. Беттешти уюштуруучулар жаш балдардын мушташын көргөзмө мушташ деп аташкан, бирок алар кадимкидей эле мушташып жатышты. Бул күнү Кадыровдун 3 уулу тең 8 бурчтукка чыгып, 10 жаштагы Ахмад, 9 жаштагы Зелимхан жана 8 жаштагы Адам жеңүүчү аталышты.
Жаш балдардын мушташканын коомчулук жылуу кабыл алган жок. Биринчилерден болуп бул көрүнүштү Аралашкан мушташ өнөрлөрү боюнча кеңештин (ММА) президенти, атактуу мушкер Фёдор Емельяненко сындап чыкты. Анын айтымында, Орусиянын аймагында 12 жаштан жогорку курактагы балдар гана октагонго чыга алышат. Алардын кошумча коргоочу кийимдерди кийүүсүнө катуу көңүл бурулуусу кажет.
"Көрүүчүлөр анык беттештерди көрүштү. Орусиянын Спорт министрлигинин чечими менен 21 жаш курагына чейинки спортчулар рингге же октагонго чыкканда коргоочу шлем жана башкаларды кийип чыгышы керек. 12 жашка чыга элек спортчулардын эрежесиз мушташка катышуусуна уруксат жок. Керек болсо алардын көрүүчү катары залга кирүүсүнө жол берилбеши керек. 8-9 жаштагы балдардын бири-биринин ден соолугуна залал келтирип жатканына көз жумуп, "күйөрмандарга жагып жатат" деген ойдон алыс болуу керек. Алардын бири-бирин сабап жатканы телеканалдар аркылуу түз эфирден көрсөтүлгөнү да түшүнүксүз", - дейт Ф.Емельяненко.