Токтогул районунда жергиликтүү тургун 52 килограммга жакын баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токтогул районунун 1957-жылы туулган Б.К. аттуу тургуну 5-октябрь күнү кармалган. Анын жашаган үйүн текшерүү учурунда 51 килограмм 750 грамм марихуана жана 28 грамм гашиш табылган. Ошондой эле анын ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөнү аныкталган.
Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.