МЕДИА-ПОРТАЛ: "Айылыма баргым келет" ырынын клиби кыйынчылыктар менен тартылды" дейт ырчы Таалайбек Тойчиев
Туулган айылга болгон сагыныч ыры Таалайбек Тойчиевдин "Айылыма баргым келет" ырынын клибинде көрсөтүлөт. Ырчы бул чыгарманы 2006-жылдары ырдап жүргөнүн, быйыл жаңылап жаздырып, клип тарттырганын айтат.
"Клип Чүй өрөөнүндө тартылды. Кээ бир кадрларды Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн чатырынан тарттык. Бир топ адамдар менен иштөө көп татаалдыктарды жаратат экен. Бир күнү бирөө келсе, башкасы бошобой калат. Бул нерсе тартуу учуруна тоскоол болуп жатты. Албетте, андан башка да кыйынчылыктар болду. Алсак, үйдүн чатырын бир ай издедик же тапкан жайыбызга уруксат берилбейт. Акыры клипмейкер жигит тапты. Андан да кызыгы кыл кыяк таппай көпкө жүргөнүбүз болду. Кыл кыякчылардын бүт номерлерин таап, чалып чыктык. Фонограмма ойногонго бербей коюшту. Соңунда консерваторияда иштеген Бакытгүл аттуу мугалим эже таап берди. Ал эми ырчынын кичинекей кезиндеги образын Канат Дилдедосов аттуу бала жаратты", - дейт Т.Тойчиев.
Таалайбек Тойчиевдин "Айылыма баргым келет" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.