Кечээ, 5-октябрда 5-ирет уюштурулуп, Вьетнамда өткөн кумда ойнолуучу спорт түрлөрү боюнча Азия оюндарына катышкан спортчуларыбыз Кыргыз жерине кайтып келишти. Аларды Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү тосуп алышты.
Кошумчалай кетсек, 3-октябрда жыйынтыкталган мелдешке жалпысынан 11 кыргыз спортчусу катышып, 1 алтын, 4 коло медаль тагынышкан. Алтын медалды кум үстүндөгү күрөштө Урмат Мамбетжан уулу багындырды. Ал 74 килограмм салмакта күчүн сынаган. Ал эми коло ээлери Артур Те (самбо, 62 килограмм салмакта), Муртазали Муртазалиев (жиу-житсу, 77 килограмм салмакта), Чыңгыз Керимкулов (күрөш, 90 килограмм салмакта), Азамат Кенжебек уулу (күрөш, 60 килограмм салмакта) болушту.