Бишкекте жигити бычактаган кыздын абалы турукташууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун дарыгери Кубанычбек Шүкүрбаев билдирди.
Анын айтымында, жабырлануучу 1-октябрга караган түнү оор абалда алынып келинген.
“Курсагынын оң жагына бычактан 3 жаракат алган экен. Үчөө тең ичине кирип кеткен. Боор, бөйрөк жабыркаган. Андан сырткары көкүрөгүнө, оң колунун чыканагына бычак сайылган. Алгач бизге келгенде оор абалда болчу. Операция жасап, боорду тиктик. Учурда ал кыздын абалы турукташууда”, - дейт Шүкүрбаев.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы окуя боюнча буларды билдирди:
“Кыз-жигит эки жылдан бери сүйлөшүп жүрүшкөн экен. Кыз жайкы эс алууга кеткенде ата-энеси башка бирөөгө кудалап коюшкан. Жигитине абалды түшүндүрүп, дос бойдон калуу сунушун киргизген. 30-сентябрь күнү кечинде жигит маселени чечип алуу өтүнүчү менен кызга келип, аны Айни көчөсүндөгү жатаканадан алып кеткен. Кийин унаада экөөнүн ортосунда уруш чыгып, жигит кызды бир канча жолу бычак менен сайып салган. Андан соң “өлсөк бирге өлөбүз” деп Бишкектин четиндеги желек илинип турган тоону көздөй унаасын айдаган. Ал жакка жеткенде кыз “жашагым келет” дегенинен аны таштап, өзү унаасын ылдыйды көздөй айдаган. Кансыраган кызды ал жакта кечки Бишкекти тартып жүргөн оператор көрүп калып, ооруканага алып келген. Ал эми жигиттин жансыз денеси жана талкаланган унаасы тоонун этегинен табылган”.
Учурда иш Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында тергелүүдө.