Бүгүн Москвада "Азия MIX" командасы Жогорку Лиганын финалына чыгуу үчүн күч сынашат

Бүгүн, 7-октябрда Москва шаарында "Азия MIX" командасы Жогорку Лиганын финалына чыгуу үчүн күч сынашат. Экинчи жарым финалдык оюн Москва мамлекеттик циркинде өтөт. Бул тууралуу аталган команда социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Бул жолу команданын атаандаштары Москва мамлекеттик циркинин курамасы (Москва), "Доброжелательный Роман" (Санкт-Петербург) жана "Радио Свобода" (Ярославль) командалары болмокчу. Учурда "Азия MIX" акыркы даярдыктарын көрүп жатат.

Финалга чыгуу үчүн 2 топко бөлүнгөн 8 команда ат салышкан. Биринчи жарым финалдан финалга Мурманск шаарынын курамасы жана "Спарта" командасы чыккан.

Белгилей кетсек, "Азия MIX" командасы ушул жылдын 15-17-июлда өткөн "Голосящий КиВиН-2016" фестивалында "Алтын чоң КиВиНди" утуп, 400 миң рубль сыйлык алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ekaterinburg
2016-10-07 11:01:52
Алга Азия-Микс!!!Чын журоктон жениш каалайм!
+3
Blackmoon
2016-10-07 11:49:27
Ийгилик
0
Nur1k
2016-10-07 12:53:41
Саат канча да болот?
0
Beksultan-007
2016-10-07 14:00:12
Саат канчада кайсы каналдан корсо болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан