Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 9:25 чамасында болгон. Анын очогу Чуңкур-Кыштак жана Алга айылдарынан 8 чакырым батышта, Шуран айылынан 13 чакырым түштүк-батышта жайгашкан. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.