Кыргыз футболчуларынын Ливанга каршы беттешин көрүүгө келгендердин биринен тапанча табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ футбол көрүүгө келгендер стадиондун аймагына текшерилип, андан соң киргизилген. Ошол учурда 30 жаштагы У.Т. аттуу күйөрмандын жанынан МР-8013Т үлгүсүндөгү пневматикалык тапанча табылган. Анда куралды алып жүрүүгө тиешелүү уруксат кагаздары болгон. Учурда аталган факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.