Ырчы Айпери Сыдыкованын "Апакай ак куу" ыры 2010-жылы хит болгон ырлардын катарына кирет. Ал эми ырчы бул чыгармага тартылган клип ийгиликсиз болгонун, өзүнө да жакпай калганын айтат.
"Ошол учурда жаш, баёо болсом керек. Клипмейкер айткан идея менен ушундай клип тартылып калды. Анда альфонс жигит өзүнөн улуу аял жана жаш кыз менен мамиле кылганы сүрөттөлөт. Көп кадрларды алып салууну, өзгөртүүнү сунуштаган элем, бирок тартуучу топ "анда чыгарманын мааниси жок болуп калат" деп болбой койгон. Клипте ачык кадрлар бар болчу, андыктан жарыкка чыккандан кийин уялганымдан жакындарымдан качып калгам. Азыр да ошол клипти көрбөгөнгө аракет кылам. Кийинчерээк маанисин жоготсо да мейли деп ачык кадрлар бар жерлерин кестирип салдырдым, бирок баары бир элге алгачкы варианты тарап кетти", - дейт А.Сыдыкова.
"Ошол учурда режиссёрго берген акчанын жарымын алып, "клипти тартпай эле кой, кереги жок" деп койсом болмок экен деп калам", - деп кошумчалады ырчы.
Айпери Сыдыкованын "Апакай ак куу" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.