Рамзан Кадыров уулдарынын мушташын сындаган Фёдор Емельяненкого жооп кайтарды

5-октябрда Чеченстандын Грозный шаарында эрежесиз мушташ боюнча "Grand Prix Akhmat-2016" мелдеши өткөн. Анда 8 бурчтукка Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 10 жаштагы уулу Ахмад, 9 жаштагы уулу Зелимхан жана 8 жаштагы уулу Адам да чыгып, жеңүүчү аталышкан. Жаш балдардын ден соолугуна залал келип жатканын, аларды бул куракта мушташтыруу жакшы эмес экенин Аралашкан мушташ өнөрлөрү боюнча кеңештин (ММА) президенти, атактуу мушкер Фёдор Емельяненко айтып чыккан.

Орусиялык спорт басылмаларынын башкы темасына айланган бул көрүнүш спорт сүйүүчүлөрүнүн эки жаатка бөлүнүүсүнө чейин жетти.

Фёдор Орусиянын аймагында 12 жаштан жогорку курактагы балдар гана октагонго чыга алышарын, алардын кошумча коргоочу кийимдерди кийүүсүнө катуу көңүл бурулуусу керектигин белгилеген. Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ага төмөнкүдөй жооп кайтарды:

"Фёдор Емельяненко Чеченстанга келип, "Grand Prix Akhmat-2016" мелдешине күбө болуп, балдар жана өспүрүмдөр менен кантип иштеп жатканыбызга күбө болсо, мелдеш тууралуу жакшы пикирлерин айтып, аягында жаш балдардын мушташын кемчилик катары айтса, мен анын сөзүн башкача кабыл алмакмын. Фёдордун биздин мелдешке тиешеси жок сүрөттү баракчасына жайгаштырып, иретсиз сөздөрдү жазганы этикага жатпайт. Чеченстанда бир дагы балдар үйү жок. Мамлекеттик программанын негизинде биз болочоктогу Орусиянын патриотторун жана коргоочуларын тарбиялап жатабыз. Чеченстанда балдарга карата көрсөтүлгөн кордук боюнча сөз кылуу мүмкүн эмес, себеби бизде балдарга кордук көрсөтүлбөйт, андай фактылар чанда катталат. Фёдор, сиз жаңылыштык кылдыңыз. Орус баатырлары мындай кадамга барышпайт".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (25)
dosym
2016-10-07 17:18:29
Рисовка кылыптырда балдарын
+3
Izdeim_seni.
2016-10-07 17:29:44
Федор туптуура айткан. Эч кимди сындабай,шылдындавай эле. Тимеле чычалашты го Кадыровдор.
+8
Emil0211
2016-10-07 17:38:23
Кадыровдун кылганы туура эмес деп ойлойм.Чечняда анын балдарын ута турган балдар толтура бирок чыгышпайт,чыгып утулуп бергилери келишпейт.Кыргыз мушкерлеринен суранат элем клуб Ахмад менен беттешуу уюштуруп ММА боюнча бардыгын талкалагылачы.Главный судьяга Фёдорду чакыргыла демекмин.
+16
fanatka19
2016-10-07 17:51:39
Кадыровдуку туура эмес,байкуш балдарды мушташтырып.
+8
semo
2016-10-07 18:17:17
Бул спорт да мушташса мушташа берсин бирок федя айткандай шлем кийдирип анан чыгарыш керек еле
+6
elmurat.kg
2016-10-07 20:17:22
чечендер динге абдан бекем чечен кыздарды башка бироо м.н корсо олтуруп салышат...мусулман дининдеда буларда чыныгы мусулмандардан бизге окшоп тушко чейин имам туштон кийин еб** эместа
-9
sagynbek.apyshev
2016-10-13 21:15:37
elmurat.kg,кордук динге бекем экенин жаш балдарды мушташтырганын не только жаш жаш балдарды мусулман бир тууганды бетке уруу куноого. динде кыздарынарды эле карагыла деген эместа.
0
altynka95
2016-10-07 21:23:14
Кадыров деле эмне кылып жатканын билет да
0
Ilgiz2016
2016-10-08 00:10:10
Мен бир нерсе дей албайм.кантседа рамзан ели учун бардык нерсени кылыватат.балдар уйу жок.ал еми эмеляненконун созуда туура.екоо тен мыкты адамдар.
+3
omu
2016-10-08 03:15:36
Мен билгенден Чубак ажынын созу боюнча бокс шариятка туура келбейт деп айткан. А бул жерде бой без правил болуп жатат. Бул ото эле туура келбей калса керек. А Рамзан мусулманчылыка ыктаган жетекчи. Эмне дешти да билбейм...
+1
altunbek78
2016-10-08 09:03:42
Казанчынын оз эрки кайдан кулак чыгарса дейтко, бирок Чеченстанда балдар уйу карылар уйу да жок. бул чечен элинин озгочо касиети, президент деген ушундай болуш керек.
0
Deniza88
2016-10-08 12:54:29
Рамзан Азамат адам. Ал билет не кылышты
0
Moskva.kg
2016-10-08 14:09:02
Соз анда эмес маани берсенер Федордун созуно,12жаштан жогору деп турат бул закон боюнча айтып жатат 9.10жашта баланын баш соогу жетилип катый элек болот эрте трамва алып мээ жакшы жетилбей калат бул ислам динине жол бербейт
0
Moskva.kg
2016-10-08 14:17:17
Рамзан негизи туура эмес жооп кайтарыптыр президент болуп туруп,а Федордун созу эн туура жуз пайыз кошулам балдардын келечегин ойлоп жатканын туйдум эгер Рамзан спортчуларды кобойткусу келсе 12жаштан жогоркуларды кабыл алсын
0
Khabib
2016-10-13 01:06:39
Билбейм бул адам мен учун корунгусу эле келгендей сезиле берет
0
color-style
2016-10-14 14:06:15
Эрежесиз эр мушташка жаш балдардын тушуусу туура эмес деген пикирге мен да кошулам, жаш балдар эрежелуу мушташтарга эле тушо беришсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан