Гаитидеги катуу шамалдан улам каза болгондордун саны 300дөн ашты

Гаитидеги катуу шамалдан улам каза болгондордун саны 300дөн ашты. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда чет элдик маалымат агенттиктери жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кубаттуу шамалдын ылдамдыгы саатына 230 чакырымга жеткен. Адистердин айтымында, мындай аба ырайы буга чейин 10 жыл мурда катталган. Кырсыктын кесепетинен бак-дарактар, үйлөр зыянга учурап, 300дөн ашык адам каза болгон.

Учурда "Мэттью” деп аталган бороон АКШнын чыгыш деңиз жээгине жакындап келе жатат. Мындан улам Барак Обама Жоржия штатында өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. Буга чейин мындай режим Флорида жана Түштүк Каролина штаттарында жарыяланган эле.

"Учурда аталган штаттардын бийликтери катуу шамал жакындап келе жаткан аймактардагы 2 миллиондон ашуун жашоочуну батышты көздөй көчүрүшүүдө. Ал эми эл көчүп барган жерлердеги мейманканаларда орун жетишсиздиги пайда боло баштады", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KaiMak
2016-10-07 17:18:14
Эээй ушинтип олуп кете берет экенбиз да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан